БУУ Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтөт

7 апреля 2020, 09:00

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков 6-апрелде, БУУ системасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар коронавирус инфекциясынан улам өлкөдө түзүлгөн кырдаал жөнүндө пикир алышып, анын мындан ары жайылышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен кадамдарды талкуулашты.

БУУнун туруктуу координатору Озонниа Ожиело БУУнун Кыргызстандагы жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалымат берип жатып, КР Өкмөтү менен биргеликте 8 артыкчылык берилген багыт аныкталып, анын алкагында COVID-19 вирусунун мындан ары жайылышына каршы күрөшүү, ошондой эле анын социалдык-экономикалык тармактарга тийгизген кесепеттерин жеңип чыгуу боюнча биргелешип иш жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

Ошондой эле ал 2 млрд АКШ доллары көлөмүндө гуманитардык жардам кылуунун глобалдык планы жана «COVID-19» менен күрөштү каржылоо үчүн Экономикалык фонд түзүлгөндүгү тууралуу айтып берди. Озонниа Ожиело Кыргызстан БУУнун ушул инструменттердин алкагындагы колдоосуна ишенсе болоорун баса белгиледи.