Кытайдан келген гуманитардык жардам Баткенге дагы жеткирилди
Кытай мамлекетинен Ош облусуна келип түшкөн гуманитардык жардамдын бир бөлүгү Баткен облусуна берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, гуманитардык жардамдын ичинде 50 термометр, 3 000 колкап, 10 000 беткап, 2 000 экспресс-тест, 2 даана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат, 5 даана дезинфекциялоочу аппараты бар.