Huawei смартфондорду жаңы система менен чыгара баштайт

11 сентября 2020, 11:50

Huawei кийинки жылдан тарта Android тартибинде эмес, өздүк система аркылуу смартфондорун өндүрө баштайт. Мунун себеби АКШнын компанияга карата чабуулунан улам болгон. Бул тууралуу Forbes маалымдады.

2021-жылдан тарта Huawei бардык смартфондорго өзүнүн Harmony OS 2.0 системасын орнотот.

Компаниянын тиричилик электроника бөлүмүнүн жетекчиси Ричард Ю онлайн-конференция учурунда, киргизилүүчү бул жаңы система уюлдук телефондордун кубаттуулугу жана натыйжалуулугун бир кыйла жогорулатарын билдирди.

Маалыматка ылайык, жылдын аягына чейин Harmony OS 2.0 бета версиясы бардык Huawei смартфондорунда тең жеткиликтүү болот.

Кошумчалай кетсек, чабуулга карабастан, 2020-жылдын экинчи кварталында Huawei смартфондорду сатуу боюнча Samsung жана Apple компаниялардын дагы ашып, алдыңкы орунга чыккан.