Кыргызстандын ички карызы 1.7 млрд сомго жогорулады

1 апреля 2021, 15:00

Марттын аягында Кыргызстандын ички карызынын көлөмү 58 млрд 893 млн 863.1 миң сомду түздү. Бул тууралуу регулятор билдирди.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 2-февралына карата карыздын көлөмү 57 млрд 164 млн 428.1 миң сомду түзгөн. Муну менен катар мамкарыздын көлөмү 1 млрд 729 млн 435 миң сомго жогорулаган.

Ички карыздын өсүшүнүн башкы себеби, мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарга болгон көз карандылык болуп эсептелинет.