Абалга байланыштуу ID-картадагы даректер онлайн аркылуу текшерилет

30 марта 2020, 13:00

2020-жылдын 24-мартынан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы ID-карталардагы даректерди онлайн текшерүү функциясын portal.srs.kg порталы аркылуу киргизет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, мындай иш-чара шаар, райондодогу санитардык-эпидемиологиялык посттордун киргизилгендиги менен байланыштуу болгон. Посттор ыкчам түрдө жайгаштырылгандыктан, убактылуу киргизилген функция даректерди интернетке туташылган уюлдук телефон аркылуу текшерүүгө мүмкүндүк берет. Бул үчүн ПИН жана ID-карта номурларын терүү керек.

Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, киргизилген бул иш-чаралар убактылуу гана. Азыркы учурда санариптик ID-карта жана айдоочулук күбөлүк долбоору иштелип жатат.