Илон Маск кайрадан АКШнын эң бай адамы

4 октября 2023, 12:30

Америкалык миллиардер Илон Маск кайрадан АКШнын эң бай адамы деп табылды. Forbes басылмасынын версиясы боюнча, SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсүнүн байлыгы 252,6 миллиард долларды түзөт.

Ал 187,5 миллиард долларга ээлик кылган Бернар Арнону экинчи сапка түшүрдү.

Үчүнчү орунда Джефф Безос турат – анын капиталы 150 миллиард доллар.