Президенттин инаугурациясына 10 млн сом керектелет

21 января 2021, 14:00

Кыргызстандын президентинин инаугурациясы 2021-жылдын 28-январында өтөт. Бул тууралуу журналисттерге президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбектов билдирди.

Анын айтымында, инаугурацияны өткөрүү долбоору боюнча болжол менен 15 миллион сом каралган, бирок учурда чыгым 10 миллион сомго туура келет.