Индия калкынын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты

18 апреля 2024, 11:45

Индия калкынын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Бириккен Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, бул өлкөдө учурда 1 миллиард 442 миллион адам жашайт.

Экинчи орунда Кытай турат, анын 1 миллиард 425 миллион калкы бар.

Окумуштуулардын божомолуна караганда 77 жылдан кийин Индиянын калкы эки эсе көбөйүшү мүмкүн.