Инфодокс аркылуу мамлекет 380 млн сомдон ашык каражат үнөмдөдү

20 декабря 2023, 15:20

Инфодокс​ электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу мамлекет 380 миллион сомдон ашык каражат үнөмдөдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын жыйынтыгы боюнча системада 12 миллиондон ашык документ жана 120 миңге жакын катталуучу бар.

Системаны 2 миң уюм колдонот.