Инвестиция илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору алмашты

22 октября 2020, 11:00

Инвестиция илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору алмашты. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.

Билдирүүгө ылайык, КР Инвестиция илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбек берген арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Акматов Данияр Барпыевич агенттиктин директору болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.