Кыргызстан менен Венгрия инвестицияларды коргоо боюнча сүйлөшүүгө кол койот

28 апреля 2020, 12:30

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча Венгрия жана Кыргызстандын өкмөтү ортосундагы келишим колдоого ээ болуп, экономика министри Санжар Муканбетовго кол коюу үчүн жөнөтүлдү. Бул тууралуу экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Келишимде эки өлкөнүн инвестициялары жана инвесторлорду коргоонун кепилдик шарттары каралып, 10 жылга түзүлдү. Түзүлгөн макулдашуунун жыйынтыгы Кыргызстанга венгриялык инвесторлордун көп келүүсүнө шарт түзөт.

Эки тараптын макулдашууга кол коюусу ушул жылдын жай айына пландаштырылууда.