Ипотека. Курулушка Ислам өнүктүрүү банкы каражат бөлөт

3 октября 2023, 12:15

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Ислам өнүктүрүү банкынын миссиясы менен жолугушту. Бул тууралуу аталган компаниядан кабарлашты.

Маалым болгондой, жолугушуу Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржылана турган Кыргыз Республикасындагы “Турак жайды каржылоо” долбоорун даярдоонун алкагында өттү.

Анын жүрүшүндө тараптар долбоордун даярдыгын баалоо, каржылоо планы, сатып алуу механизмдери жана жалпысынан долбоорду башкаруу маселелерин талкуулашты.

“Мамлекеттик компаниянын жетекчиси ИӨБ өкүлдөрүнө турак жайды каржылоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди жана ипотекалык насыя менен турак жай курууга каржылоону бөлүү маселеси тез арада оң жагына чечилет деген үмүтүн билдирди”, - деп айтылат мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматында.