Ипотекага бериле турган үйлөрдүн он бири келерки жылы колдонууга тапшырылат

27 ноября 2023, 09:15

Бишкекте мамлекеттик ипотекага бериле турган үйлөрдүн он бири келерки жылдын сентябрында колдонууга тапшырылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров көп кабаттуу турак жайлардын курулушу менен таанышкан учурда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, он бир көп кабаттуу үйдүн ар бири 18 кабаттуу, анда 986 батир бар.

Жалпысынан курулуш жүрүп жаткан жерде көп кабаттуу 39 үй курулат. Алар мамлекеттик ипотека программасы аркылуу жарандарга жеңилдетилген шартта берилет.