Ипотекага үй алгысы келген 15 миң адам расмий каттоодо турат

2 ноября 2023, 17:32

Мамлекеттик ипотека берилип баштагандан бери 8 миң 800 үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сатуу бөлүмүнүн башчысы Таалай Оморов билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта ипотекалык негизде үй алуу үчүн расмий түрдө 15 миң адам каттоодо турат. Ал эми электрондук өтүнмө кетирип, арызы каралып жаткандар 3 жарым миңге чамалайт.

Мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик ипотеканы жылдык үстөгү 4%, ал эми жеке сектордо иштегендер 8% менен 25 жылга чейин ала алат.