Ишкер айымдар үчүн call-борбор ачылды

9 августа 2021, 13:30

Кыргызстандагы ишкер айымдар үчүн биринчи call-борбор ишке кирди. Бул тууралуу “Акчабарга” JIA Бизнес ассоциациясы билдирди.

Call-борбордун негизги максаты пандемияда жапа чеккен ишкер айымдарга колдоо көрсөтүү.

Алар 0500996106 номуруна чылып, финансылык сабаттуулук, укуктук маселелер жана психологиялык колдоо боюнча дасыккан адистерден акысыз кеңеш ала алышат.

Call-борбор Кыргызстандын бардык аймактарында эки ай бою иш алып барат.