Укук коргоо органдары тарабынан ишкердик субъекттерди текшерүүгө тыюу салынды

12 декабря 2020, 13:50

Өкмөт тарабынан укук коргоо органдарынын ишкердик субъекттерин текшерүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгиленгендей, бул тыюу салуу COVID-19 коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча, бажы кызматы тарабынан кабыл алынган айрым чектөөлөргө жана жарандык процесстин алкагында жүргүзүлгөн текшерүүлөргө тиешеси жок.

Тиешелүү чечим ишкерлердин укуктарын коргоо жана айрым укук коргоо органдары тарабынан ишкердик субъекттердин ишине негизсиз кийлигишүүсүн жоюу, ошондой эле COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу кабыл алынды.

Аталган чечим расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.