Ишкерлер Иран менен иштегиси келет

9 марта 2021, 17:00

Пандемиянын айынан кыргыз ишкерлери чет өлкөлөр аркылуу жүк ташууда бир топ эле кыйынчылыктарга кабылышууда. Абалды жөнгө салуу максатында Айбек Сарыгул баштаган бир катар ишкерлер Иран мамлекети менен алаканы бекемдөөгө бел байлады. Эгер макулдашуулар оңунан чыгып калса эки өлкө ортосундагы соода-сатыктын көлөмүн бир жылда 500-700 млн долларга жеткирсе болот дешет бизнесмендер.