Ишкерлерге арналган “НӨЛдөн БИРге” китеби кыргыз тилине которулду

13 декабря 2023, 15:28

15-декабрда "НӨЛдөн БИРге: Стартаптар тууралуу маалымат же келечекти кантип курабыз?" бестселлер китебинин кыргызча котормосунун бет ачары өтөт. Бул тууралуу “Акчабарга” “Китепстан” басма үйүнүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чара бир нече сессиядан туруп, китеп жарманкеси менен коштолот. Бардык окурмандар китептин бет ачарына катыша алат. Ал “Инновациялык борбор”, тактап айтканда, Эркиндик 58А дарегинде саат 15:00до башталат.

Китеп ишкерлерге, стартап негиздөөчүлөрүнө, өз ишин баштагысы келген бардык окурмандарга мыкты колдонмо болуп бере алат. Эл аралык бестселлер китептин автордук укугу “Китепстан” басма үйү тарабынан алынып, котормочу Элмира Абжапарова кыргызчалаган.

Белгилеп кетсек, китептин автору - PayPal, Palantir компанияларынын негиздөөчүлөрүнүн бири, “Facebook” социалдык тармагынын биринчи тышкы инвестору Питер Тил. Ал LinkedIn, Yelp жана башка ондогон ийгиликтүү технологиялык стартаптардын алгачкы инвестору болгон.