Ислам экономикасынын көлөмү 2025-жылы 7,7 трлн долларга жетет

1 апреля 2024, 14:25

Эксперттердин айтымында, 2025-жылга карата дүйнөлүк ислам (адал) экономикасынын көлөмү 7,7 трлн долларга жетет, бул 2015-жылдагыга салыштырмалуу 3,2 трлн доллардан эки эсе көп. Ал эми 2021-жылы бааланган 5,7 трлн доллардан кыйла жогору. Бул тууралуу катарлык Al Jazeera медиасы жазды.

Маалыматка ылайык, бул статистика адал же “шариятка ылайыктуу” инвестицияларга жана мүмкүнчүлүктөргө суроо-талаптын өсүп жатканын көрсөтөт.