Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 20 млн $ берет

10 июня 2020, 11:30

Кыргызстан жана Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат дыйканчылыкты өнүктүрүү» долбооруна ылайык, 20 млн доллар каражат алуу тууралуу макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоордун максаты - айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү жана суу ресурстарынын климатынын өзгөрүшүн адаптациялоо аркылуу айылдык калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу болуп эсептелинет. Ошондой эле, бул акыркы продукциянын наркынын жогорулашына байланыштуу айыл тургундарынын кирешесин көбөйтүүгө багытталат.

Долбоор Жети-Өгүз, Тоң, Ысык-Көл, Кочкор, Жумгал райондорунда ишке ашырылмакчы.