"ИТАР" фонду Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 700 миң сомго жардам берди

29 июля 2020, 17:00

“ИТАР” фонду Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жалпы суммасы 700 миң сомду түзгөн медициналык буюм түрүндө гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Гуманитардык жардамдын тизмеси:

1. Антисептик 800 литр;

2. Хлор – 500 граммдан 1000 пакет;

3. Самын-1700 даана;

4. Коргоочу бет кап 3400 даана;

5. Жеке коргонуу каражаттарынын топтому – 200 даана;

6. Кычкылтек концентратору- 4 даана.

Министр Улукбек Кочкоров “ИТАР” фондунун өкүлдөрүнө көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдирип, бүгүнкү күндө медициналык мекемелер керектүү дары-дармектер жана жабдыктар менен камсыз болгондугун белгиледи.