Июль айынан бери чет элдик валютада сакталган депозиттик портфелдин көлөмү 7.8% өскөн

23 декабря 2020, 09:20

Коммерциялык банктардын октябрь айындагы жалпы депозиттик портфели 169.8 млрд сомду түзгөн. Өткөн айга салыштырмалуу 1.3 млрд сомго же 0.8% төмөндөө байкалган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Жыл башынан бери депозиттик портфель 10.5% жогорулаган.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын июль айынан тарта чет элдик валютадагы депозиттин көлөмү 7.8% өскөн. Муну менен катар сом менен сакталган депозиттин көлөмү жогору.