Июнь айында керектөөчү баа жана тарифтер 0.6% жогорулаган

17 июля 2020, 13:50

2020-жылдын июнь айында өткөн айга салыштырмалуу ЕАЭБ өлкөлөрүндө керектөөчү баалардын жана тарифтердин жогорулашы байкалган. Ал эми Арменияда тескерисинче, 1.4% Кыргызстанда - 0.6% төмөндөгөнү байкалган. Бул маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.

2020-жылы 2019-жылдын декабрь айына салыштырмалуу экономиканын керектөөчү тармагында инфляциянын жогорку көрсөткүчү Казакстанда - 4.2% түзгөн. Бул тамак-аш азыктарына болгон баанын (алкоголдук ичимдик жана тамеки азыктары) 7.3% жогорулашы менен шарттуу болгон.

Ошол эле учурда Белорусияда тамак-аш азыктарына болгон баанын саны - 3% жана кызматтарга болгон баанын саны - 4.2% жогорулаган.