Израилде жабыр тарткандар арасында кыргызстандыктар жок

12 октября 2023, 12:10

Израилде жабыр тарткандар арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, элчилик аталган мамлекетте жашаган Кыргызстандын жарандарын тактап жатат.

Соңку тизмеде 90дон ашуун адам бар, алардын ичинен 20дан көбү Израилден чыгып кетүү ниетин билдирген. Учурда аларды алып чыгуу маселеси каралып жатат.