Жалал-Абаддагы хирургия илимий борборунун оңдоп-түзөө иштери аяктады

4 сентября 2020, 11:20

Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунун капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.


Борбордун 100 орунга эсептелген, оңдоп-түзөө иштери август айынын башында башталган.

Бүгүнкү күнгө карата объектиде төмөндөгү жумуштар аткарылды: эшик-терезелерди толугу менен жаңыртуу, электрмонтаждоо жумуштары, канализация тармагы жаныртылды, таза суу жана жылуулук берүү тармагы толугу менен жаныртылды, долбоордун негизинде кээ бир ички дубалдары тургузулду, ички жана сырткы жасалгалоо, полдор долбоордун негизинде жаныртылды, сырдап-майлоо жумуштары аткарылды жана санитардык түйүндөр жаныртылып калыбына келтирилди.

Белгилей кетсек, смета менен каралган оңдоп-түзөө жумуштары республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 1,5 млн сом жана 10 млн сом «Аймактарды өнүктүрүү социалдык өнөктөш» Фондунун эсебинен каржыланган.