Жапаров эл аралык акча которууларды жандандыруу тапшырмасын берди

19 октября 2020, 17:00

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Толкунбек Абдыгулов өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту, банктык жана төлөм тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыздоого багытталган Улуттук банктын аткарып жаткан иштери, ошондой эле валюталык рыноктогу абал тууралуу маалымат берди.

Садыр Жапаров финансы-банк тутумунун, улуттук валютаны алмаштыруу курсунун туруктуулугун сактоонун, ошондой эле коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу улуттук экономика үчүн тобокелдиктерди кыскартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров Улуттук банкка өлкөдөгү абалды турукташтырууга байланыштуу улуттук жана эл аралык төлөм тутуму боюнча төлөм жана которуу операцияларын өз учурунда жана үзгүлтүксүз ишке ашыруу үчүн чараларды кабыл алууну, ошондой эле SWIFT тутуму жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча трансчектеш операцияларды чектөөсүз жүргүзүүнү жаңыртуу тапшырмасын берди.