Жапаров менен Токаев бир катар документтерге кол коюшту

2 марта 2021, 15:30

Президент Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасына болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Төмөндө кол коюлган документтер:

— Кыргызстандын Өкмөтү менен Казакстандын Өкмөтүнүн ортосунда кайтарымсыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;

— Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Казакстан Маданият жана спорт министрлигинин ортосунда улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу;

— 2021-жылга карата Кыргызстандын Коргоо министрлиги менен Казакстандын Коргоо министрлигинин ортосундагы кызматташтык иш-чаралардын планы;

— 2021-2022-жылдарга карата Кыргызстандын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин биргелешкен иш-чараларынын планы;

— 2021-2022-жылдарга карата Кыргызтсандын Тышкы иштер министрлиги менен Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы кызматташтык программасы;

— Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы менен Казакстандын Санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандуму;

— КР энергетика жана өнөр жай министринин жана Казакстандын энергетика министринин, экология, геология жана жаратылыш ресурстары министринин электр энергиясын алмашуу жөнүндө протоколу.