Жапаров: тышкы карыздан кутулуу үчүн Кытайга жер берилбейт
Тышкы карыздан кутулуу үчүн эч кимге кыргызстандын бир чарчы метр жери берилбейт. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн журналисттер менен жолугушууда билдирди.
“Тышкы карыз үчүн Нарындагы Жетим-Тоо кен иштетүүчү жердин бир метри дагы берилбейт. Буга чейин Жетим-Тоодогу сырьёну дүйнөлүк баа менен сатып, тышкы карыздын 1 млрд долларынан кутулсакпы деген сөз болгон. Бирок биз тарыхтан үлгү алышыбыз керек. Чет жерге эч кандай тоо-кен берилбейт”, - деди Жапаров.
Ал азыркы тапта КТРКда басма сөз жыйынын өткөрүп жатат.