Жээнбеков Россиядагы мекендештерге: «Кыргызстандан алыста жүрсөңөр дагы, дайыма биздин оюбузда турасыңар»

28 февраля 2020, 11:00

Президент Сооронбай Жээнбеков 27-февралда Москва шаарында Мамлекеттик Кремль сарайында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылышы аземинде Россиядагы мекендештерге «Урматтуу мекендештерим, Кыргызстандан алыста жүрсөңөр дагы, дайыма биздин оюбузда турасыңар», — деп баса белгилөө менен кайрылды.

«Россиянын жана ЕАЭБ мамлекеттеринин жетекчилери менен бирге сиздердин жашоо-шарт, окуу жана иштөө шарттарыңарды жакшыртуу иштерибизди мындан ары дагы уланта беребиз. Россиянын жалпы элинин жана жетекчилеринин кыргызстандыктарга болгон жылуу мамилесин жогору баалайбыз. Мекендештер өлкөбүздү өнүктүрүүгө чоӊ салым кошуп келишүүдө. Чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиз менен байланышты бекемдөөнү артыкчылыктуу багыт катары карайбыз», — деп билдирди президент.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Россия өз элдеринин эркин билдирүү аркылуу бирдиктүү көз караш менен КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ сыяктуу интеграциялык жана аскердик-саясий бирикмелердин курамына кошулаарын кошумчалады.

Ал Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы кызматташууну арбытуу Кыргызстандын маанилүү артыкчылыгы болуп саналаарын айтып, Кыргызстандын ЕАЭБдин шарттарына кирүү жана адаптация процессинде Россия Федерациясынын зор ролун баса белгиледи.