Жеке ишкерлер ИИМге 6 автоунаа алып беришти

22 декабря 2020, 10:20

Жеке ишкерлер Ички иштер министрлигине алты автоунаа тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, ишкерлер автоунааларды ИИМдин кызматкерлерин колдоо максатында алып беришкен.

«Ушул жылдын 5,6-октябрында болгон окуяда ички иштер органдарынын автоунаалары талкаланганын көргөнбүз. Ошондуктан ишкерлер жаңы жыл алдында биздин милицияга автоунаа тапшырууну чечкенбиз. Сиздер биздин бейпил жашообузду камсыздап, коомдук коопсуздукту сактап жатасыздар. Биз дагы сиздерди колдошубуз керек. Келе жаткан майрымыңыздар менен», - деп билдирген Кайрат Аманов милицияларга кайрылып жатып.

Бул автоунаалар Баткен, Жалал-Абад, Чүй, облустарына, Ош шаарына жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички аскерлерине муктаждыктарына жараша берилет.