Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна бюджеттен 425 млн сом керектелет

16 февраля 2021, 15:15

11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна бюджеттен 425 миллион сом өлчөмүндөгү акча коротулат. Бул тууралуу БШКдан маалымдашты.

Шайлоодогу чыгымдардын тизмеси дүйшөмбү күнү Боршайкомдун кезектеги отурумунда бекитилген.

«425 миллион сом өлчөмүндө бекитилди. Жер-жерлердеги добуш берүү тилкелерин даярдоого, тизмелерди чыгарып, бюллетендерди, иш сапарларды каржылоого кете турган акча ушул сумманы түздү», - деп маалымдайт БШК.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт.