Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду

22 мая 2020, 15:45

Президент Сооронбай Жээнбековдун атына Судьялар кеңеши тарабынан жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызматтарынан жеке каалоосу боюнча бошотуу тууралуу сунуштар келип түшкөн.

Конституция жана мыйзамдарына ылайык, Мамлекет башчысы тарабынан төмөнкү судьялардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жарлыктарга кол коюлган:

— Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Берюева Анаркүл Декановнанын;

— Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Субанкулов Адылбек Анарбековичтин.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.