Жогорку Кеңештин кызматкерлерине эмгек акы ушу жума күнү берилет

2 ноября 2020, 09:55

Жогорку Кеңештин бардык кызматкерлерине эмгек акы бериле элек. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн телеграм-каналы аркылуу билдирди.

«Макул депутаттарды айлык акысыз калтырышты, бирок аппарат жана башкаруу иштериндеги кызматкерлердин айлык акысын төлөп беришсе болмок», — деп билдирген депутат.

Буга чейин парламенттин басма сөз кызматы, айлык акынын кармалып жаткандыгын, 5-6-октябрдагы башаламандыкта маалыматтын басымдуу бөлүгү жок болуп кеткендиги менен түшүндүрүшкөн.

«Жогорку Кеңештин имаратындагы компьютерлер талкаланып, уурдалып, документтер жоголуп, бухгалтериянын ишинде көйгөйлөр жаралган. Натыйжада эмгек акыны төлөө кечеңдеп жатат. Учурда документтер калыбына келтирилип, эсептөөлөр жүргүзүлүүдө. Кызматкерлердин эмгек акысы келерки аптанын жума күнү толугу менен төлөнүп берилет», — деп маалымдашты Жогорку Кеңештен.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин чыгашасы 40.6 млн сомду түзгөн. Бул сентябрь аына салыштырмалуу 6.5% көп.