Жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуунун V туру башталды
Университеттердеги келишимдик негизде билим ачуу үчүн бош орундарга абитуриенттерди кабыл алуунун V туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Министрликтин маалыматына караганда, жалпы республикалык тестиртөөлөгө катышкан абитуриенттер 22-августтан 27-августка чейин жогорку окуу жайларга тапшыра алат.
Кабыл алуу онлайн форматта жүргүзүлөт. Ал үчүн абитуриенттер https://2020.edu.gov.kg/ сайтында катталышы керек.