Жоюла турган банктардын аманатчыларга карызы 1.5 млрд сомду түзөт

1 апреля 2021, 11:00

Кыргызстандагы жоюла турган коммерциялык банктардын жарандар жана юридикалык жактар алдындагы депозиттер боюнча милдеттенмелери 2020-жылдын аягына карата 1 млрд 493.1 млн сомду түзөт.

Каражаттын басымдуу бөлүгү — 1 млрд 330 млн сом — бул банктардагы юридикалык жактардын эсебиндеги каражат, калган сумма 163.1 млн сом - жарандардын каражаты.

Белгилей кетсек, 2018-жылдан тарта депозит боюнча милдеттенмелердин суммасы өзгөргөн жок.