2019 – ж. Чүй облусунда жумуртка 3,9 млн. даанага аз өндүрүлгөн

18 октября 2019, 10:07

2019 – жылдын январь-сентябрь айларында 444 млн. 368 миң даана жумуртка чыгарылган. Бул 2018 – жылдан 22 млн. 671 миңге көп болуп, 105,4% түзгөн. Бул тууралуу айыл-чарба министрлиги маалымдайт.

Республиканын Чүй облусунан сырткары бардык аймактарда жумуртка өндүрүү жакшы көрсөткүчтү берүүдө. Чүй облусунда 3 млн. 957 миң даана жумуртка чыгарылып, өткөн жыл менен салыштырганда 98,4% түзгөн. Чүй облусу, Сокулук жана Чүй райондорунда жумуртка 92,85 жана 85,9% түзүп, аз көрсөткүчтү берүүдө. Төмөндөөнүүн башкы себеби, үй канаттууларынын эти Чүй жана Сокулук региондорундагы фабрикага жөнөтүлүп жаткандыгында болгон.

Республика боюнча тоок 2018 – жылга салыштырмалуу 151 миң 618 башка көп болгон.