Жерүйдөн жыл аягына чейин 2300 кг алтын өндүрүү пландалууда

30 июля 2021, 14:00

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Жерүй кениндеги Талас алтын комбинатынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, "Альянс-Алтын" компаниясынын кызматкерлери Мариповго алтындын электролизи жана эритүү процессин көрсөтүштү, натыйжада 25 кг ашуун алтын куймасы алынды.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө 1086 кг алтын өндүрүлүп, баалуу металлдарды сатып алуунун артыкчылыктуу укугуна ылайык, 940 кг тазаланган алтын Улуттук банк тарабынан сатылган. Жыл аягына чейин 2300 кг алтын өндүрүү пландалууда.