Жыл башынан бери бизнестен бюджет насыясы боюнча казынага 2.3 млрд сом түшкөн
Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта июль айына чейин ишкерлер казынага бюджеттик насыялар боюнча 2 млрд 333.8 млн сом кайтарышты. Бул тууралуу республиканын каржы министрлиги маалымдады.
Белгиленгендей, ишкерлер алдын ала коюлган пландын - 41 пайызын, айып боюнча - 12 пайызын аткарышкан. Бирок, ушул эле учурда бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 27 пайызга төмөн болгон.
Андан сырткары, Финансы министрлигинин Улуттук банктагы эсебине 2020-жылдын январь-июль айларында агенттик тарабынан 353.4 млн сом бюджеттик насыя кайтарылган. Алардын ичинен:
- Швейцария өкмөтүнүн гранттары аркылуу - 2.2 млн сом;
- Япония өкмөтүнүн гранттары аркылуу - 6.8 млн сом;
- ЮСАИД долбоору аркылуу - 6.2 млн сом;
- Эл аралык өнүктүрүү насыясы аркылуу - 10 млн сом;
- Кытай өкмөтүнүн гранттары аркылуу - 22.7 млн сом;
- Турция насыясы боюнча - 600 миң сом;
- Германия насыясы боюнча (KFW) – 217.2 млн сом;
- Евразия өнүктүрүү банк насыясы аркылуу - 87.5 млн сом.