Кадамжайдагы үч млн долларлык ГЭСтин курулушу быйыл аяктайт

11 января 2024, 11:50

Баткен облусунун Кадамжай районундагы кичи ГЭСтин курулушу быйыл аяктайт. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, объекттин кубаттуулугу саатына төрт мегаватты түзөт.

Бул жакынкы конуштардагы 12 миңге жакын кожолукту электр энергиясы менен камсыз кылат. Долбоордун баасы үч миллион долларды түзөт.