Коммерциялык банктарда кадрдык өзгөрүүлөр болду

22 февраля 2021, 15:00

«ЭкоИсламикБанкта» кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Адылбек Касымалиев тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитеттин өкүлү, Гүлнара Өскөнбаева аудит боюнча комитеттин өкүлү болуп дайындалды. Директорлор кеңешинин жаңы өкүлү болуп Шамиль Муртазалиев дайындалды. Нурбек Шермухамедов директорлор кеңешинин өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.

Кошумчалай кетсек, Улуттук банк тарабынан Эркинбек Абдразаковду «РСК Банктын» директорлор кеңешинин мүчөсү болуп дайындоо чечими кабыл алынды.