БШК: Кайра шайлоого 52 талапкер катталды
Жогорку Кеңешке кайра шайлоого Бишкектеги бир мандаттуу эки округдан 52 талапкер катталды. Боршайкомдон билдиришкендей, жалпысынан 72 кишиден арыз түшүп, 55и керектүү документтер топтомун өз учурунда тапшырган.
Бүгүнкү күндө №27 Биринчи май шайлоо округунан 27, ал эми №29 Свердлов округунан 25 талапкер катталды. Талапкерлерден документтерди кабыл алуу 30-январда аяктаган.
Эске салсак, жогорудагы эки аймакта кайра шайлоо 27-февралда өтөт.