Кайсы учурда мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыкса болот?

9 февраля 2024, 17:20

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда пенсияга эки учурда чыкса болот. Бул тууралуу “Акчабарга” берген маегинде Соцфондун төрагасы Бактияр алиев билдирди.

Биринчиси, бийик тоолуу шарттарда, алыскы райондордо жашагандар, зыяндуу өндүрүштө иштегендер жана көп балалуу энелер жеңилдетилген шартта пенсияга чыгышат.

Экинчиси, мөөнөтүнөн мурда аялдар 35 жыл эмгек стажы болсо, 55 жашынан пенсияга чыкса болот. Эркек кишилер 40 жыл эмгек стажы болсо, 60 жаштан пенсия ала баштайт.

“Ал эми 6-7 балалуу “Баатыр энелер” 53 жаштан пенсияга чыга алат”, - деди ал.