Калкты тейлөө борборлору бирдиктүү иш графигине өттү

18 января 2024, 13:17

Кыргызстандагы бардык ири калкты тейлөө борборлору бирдиктүү иш графигине өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Ага ылайык, эми калкты тейлөө борборлору саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштешет.

“Бул калкты тейлөө борборуна иш күнү башталганга чейин (09:00) келүүнү каалаган жарандарга жардам берет”, - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин алар пилоттук долбоорду саат 08:20дан 20:00гө чейин иш графиги түрүндө киргизүүгө аракет кылышкан, бирок кечкисин келгендердин саны аз болгон.