Калктын аярлуу катмарына 9,6 млн сомго көчөттөр берилди

8 апреля 2022, 17:39

Орто мөөнөттүү келечекте кирешенин альтернативдүү булактарын түзүү жана коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу кризистин кесепеттерин жоюу үчүн калктын социалдык жактан аялуу катмарына 9,6 млн сомго жалпысынан 163 миң 804 даана мөмө-жемиш дарактарынын көчөттөрү берилди.

Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы маалымдагандай, COVID-19 пандемиясынын шартында калктын социалдык аялуу катмарын колдоо программасынын алкагында мөмө-жемиш көчөттөрүн жеткирүү аяктады.

Баткен, Талас, Ат-Башы, Нарын жана Аксуу райондорунун 31 айыл өкмөттөрүнө 115 428 даана алманын жана карагаттын көчөттөрү жеткирилди.

Былтыр күзүндө Токтогул, Аксы, Ноокен, Кара-Кулжа, Тоң, Ысык-Көл райондорунун жана Балыкчы шаарынын 30 айыл өкмөтүнө 48 миң 373 түп алма жана өрүк көчөттөрү алынып келинген.

Белгилей кетсек, 13 пилоттук токой чарбаларынын аймагына чектеш 61 айыл өкмөттө жашаган 7 мин 717 аялуу үй-чарбаларга көчөт материалдары тапшырылды. Үй-чарбалардын тизмеси айыл өкмөттөр тарабынан берилген. Орточо эсеп менен ар бир үй-чарбага 15тен, Баткен районунун үй-чарбаларына 59дан көчөт берилет.