«Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга 500 млн доллар насыя алынат

1 февраля 2024, 16:40

Кыргызстан “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга Дүйнөлүк банктан 500 млн доллар насыя алат. Бул тууралуу бүгүн Энергетика министри Таалайбек Ибраев Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушууда талкуулады.

Жолугушууда Дүйнөлүк банк бере турган 500 млн доллар насыя эмнеге жумшалары айтылды.

“План боюнча №1 жана №2 суу өткөрүүчү туннелдери, транспорттук туннелди куруу иштери каралды. Банктын гидроэнергетика, айлана-чөйрөнү коргоо, сатып алуу боюнча адистери “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулуш долбоорун жеринде көрүп келишкени айтылды”, - деп белгиленет билдирүүдө.