2021-жылдын үч айында 8.7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду

7 апреля 2021, 12:30

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын январь-март айларында 8 млрд 781.2 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бекитилген план 102.7% же 231.2 млн сомго жогору аткарылды.

2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 750.3 млн сомго камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулган. Өсүүнүн көлөмү 109.3% түздү.