Кант цемент заводу 2019-жылы 70.6 млн сом киреше тапкан

27 августа 2020, 17:05

ААК «Кант цемент заводунун» таза кирешеси 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 70 млн 697.9 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу заводтун акционерлеринин жылдык жыйынтыгында маалым болду.

Компаниянын баалуу кагаздарын кармоочулардын чечими менен дивиденддерди төлөө үчүн таза кирешенин 25,12%, же 17,7 млн сомун пайдалануу чечими кабыл алынды.

Бир акциянын пайдасы 1,73 сом деп бекитилди. 10 миллион 266,6 миң даана акция сунушталган. Калган 52.9 млн сом ААКтын карамагына калтыруу чечими чыкты.