«Орто Азиядагы Капитал Банк» жана «РСК Банкта» кадрдык өзгөрүүлөр болду

16 февраля 2021, 11:00

Улуттук банк, 11-февралда «Орто Азиядагы Капитал Банктын» жана «РСК Банктын» директорлор кеңешине жаңы мүчөлөрдү дайындады. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалат.

ААК «Орто Азиядагы Капитал Банктын» аткаруучу органынын мүчөсү болуп, Айдай Турсунбекова «РСК Банктыкы» — Сүйүнтбек Мүсүралиев дайындалды.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда директорлор кеңешинин мүчөлүк мөөнөтүн узартууну каалашат.