Кара-Кечеде көмүрдү байытуучу завод курулат

15 ноября 2023, 12:30

Бишкекте ыштын пайда болуу себептеринин бири көмүр болуп эсептелет. Бул тууралуу Экология министри Мелис Тургунбаев билдирди.

Анын айтымында, Кара-Кечеден чыккан көмүр ЖЭБде, ордо калаадагы конуштарда колдонулуп, Бишкекте кеңири сатылууда.

“Кара-Кечеден чыккан көмүрдүн сапатын жакшыртуу максатында Кара-Кечеде көмүрдү байытуучу завод курууну чечтик. Ошонун үстүндө азыр иштер башталды. Долбоорлор түзүлдү. Быйыл башталып, эмдиги жылы бүтөт. Бир-эки жылдын ичинде Кара-Кечеден сапаттуу көмүр келе баштайт”, - дейт ал.