Кара металлдын сыныктарын жана калдыктарды экспорттоого тыюу салынды

12 февраля 2024, 16:15

Кыргызстандан кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Документ “Токтом” маалыматтык-укуктук порталына жарыяланды.

Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы №50 токтому менен кайра эритүү үчүн кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, кара металл куймаларын Кыргызстандан ташып чыгууга (экспорттоого) алты айга тыюу салынды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.